"Азаттык" партиясынын дарегине арыздар түшкөн. Ахматбек Келдибеков аны абсурд деп атады
RU

"Азаттык" партиясынын дарегине арыздар түшкөн. Ахматбек Келдибеков аны абсурд деп атады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Азаттык" саясий партиясынын үстүнөн үч арыз түшкөн: Ошто үгүт иштерин жүргүзүү эрежесин бузганы жана паракорчулук боюнча айыпталган. Алардын баары БШКнын жумушчу тобуна кирди.

Биринчи учурда "Азаттык" партиясы "Шайлоо жөнүндө" мыйзамды бузду деп көрсөтүлгөн. Аны шайлоочуларды сатып алуу деп баалашкан

"Маалыматка ылайык, 4-ноябрда "Азаттык" партиясынын өкүлдөрү Ош облусунун Алай районундагы Гүлчө айылында шайлоочулар менен жолугушту. Жолугушуудан кийин чогулгандарга кайрымдуулук сый тамагы уюштурулган. Ошондой эле Гүлчө айылындагы май куюучу жайларда бекер бензинге талондор берилди" , - деп белгилейт арыз ээси.

Видеодо Гүлчө айылынын тургундары май куюучу жайлардагы активдүүлүктүн себебин талкуулап, партия тууралуу эки ача пикирлерин билдиришүүдө.

Андан кийин Kloop порталынын журналисти менен журналист Ыдырыс Исаковдун "Азаттык" партиясы Ош шаарынын борбордук аянтында Ош мамлекеттик университетинин педагогика жана дене тарбия факультетинин окутуучулары жана студенттеринин катышуусунда үгүт иш-чарасын өткөрдү деген пикирлер айтылды.

Ыдырыс Исаков кече, 3-ноябрда ОшМУнун педагогикалык факультетинин, Ош техникалык университетинин курулуш факультетинин окутуучулары экскурсия өткөрүү шылтоосу менен административдик ресурсту кыянаттык менен пайдаланып, студенттерди "Азаттыктын" саясий үгүт иш-чарасына катыштыруу үчүн алып келишкенин билдирди.

Бул сөздөргө жооп катары "Азаттык" партиясынан депутаттыкка талапкер Ахматбек Келдибеков Kaktus.media редакциясына кайрылды. Анын айтымына караганда, Алайдагы жыйынга облустун ар бир айыл өкмөтүнөн өкүлдөр келишкен. Бирок, алар өз унаасы жана автобустар менен келген. Партия эч кимге бензин куюп, эч нерсе тараткан эмес.

"Ал жыйында биздин бир нерсе таратканыбызга эч кандай далил жок, бул жөн эле биздин оппоненттерибиздин провокациясы. Элдин кыжырына тийип жатат. Биз үгүт иштерин таза жүргүзөбүз, шайлоочулар менен өзүбүз жолугуп жатабыз. Мындай чагымчылдыкты токтотуш керек", - деди Келдибеков.

Оштогу жолугушууда студенттер болгонуна токтолуп, университеттин студенттери добуш берүүгө укуктуу экенин эске салды.

"Алар алгач партиянын программасы менен таанышып, талапкерлерди угуп, анан тандоосу керек. Студенттердин буга укугу бар. Биз аларды агитатор катары тартпай элебиз. Бул сөздөр абсурд", - деди талапкер.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4215