Садыр Жапаров Венгриянын тышкы иштер министрин кабыл алды
RU

Садыр Жапаров Венгриянын тышкы иштер министрин кабыл алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-ноябрда, "Европа Биримдиги-Борбордук Азия" Биринчи экономикалык форумунун алкагында Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийяртону кабыл алды.

Кыргызстан менен Венгриянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери жана аны мындан ары өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу пикир алмашуу болду.

"Биз бул платформа келечекте өз катчылыгы менен Борбордук Азия өлкөлөрү жана Европа Биримдигинин ортосундагы экономикалык өз ара аракеттенүүнүн туруктуу механизми болуп калат деп ишенебиз. Биз биздин демилгебизге Венгриянын колдоосун күтөбүз", - деди Садыр Жапаров.

Садыр Жапаров Венгрия Өкмөтүнө жана Петер Сийяртонун жеке өзүнө 4-октябрда Венгрияда Кыргыз Республикасынын Элчилигин ачууга колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди. Бүгүнкү күндө элчилик иштеп жатат жана жакынкы убакытта өлкөнүн элчиси дайындалат.

Садыр Жапаров бул жылдын 28-ноябрында өлкөдө парламенттик шайлоо болорун эске салып, буга байланыштуу Кыргызстандын Венгриядагы кыргыз элчилигинде биринчи шайлоо участогун ачуу ниетин билдирди.

Президент Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбанды мамлекеттик сапар менен Кыргызстанга өзүнө ыңгайлуу убакта келүүгө чакырды.

Президент Садыр Жапаров биргелешкен долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашыруунун негизинде Венгер-Кыргыз Фондунун уставдык капиталын 50 миллион АКШ долларына жеткирүүгө мүмкүн болоруна ишеним артты.

Өз кезегинде Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто Президент Садыр Жапаров менен кайрадан жолугушуп жатканына кубанычта экенин белгиледи.

Ал кыргыз тарапты "ЕБ-БА" форумун жогорку деңгээлде уюштуруп жана өткөрүүсү менен куттуктады.

Петер Сийярто Садыр Жапаровго венгер-кыргыз эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү жактагандыгы үчүн ыраазычылык билдирип жана венгер тараптын эки өлкө ортосундагы стратегиялык мамилелелрди олуттуу маңыздуу кылып, аны жаңы деңгээлге чыгаруу ниетин билдирди.

"Биз Венгер-Кыргыз өнүктүрүү фондунун иштеп баштагынан чын дилибизден кубанычтабыз. Анткени бизде жалпы максат - биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн болушунча көп аныктоо", - деди Венгриянын тышкы экономикалык байланыштар жана тышкы иштер министри Петер Сийярто.

Маектешүүнүн жүрүшүндө Петер Сийярто венгер тарап Кыргыз Республикасынын вакцина алуусу жөнүндө паспортторун таанууну чечкенин кошумчалады. Муну менен эмдөөдөн өткөн кыргызстандыктар Венгрияга тоскоолдуксуз кире алышат.

Мындан сырткары ал, 2022-жылы "Будапешт-Бишкек" түз аба каттамы ачыларын билдирди.

Министр, билим берүү чөйрөсүн сөз кылып жатып, эки тараптуу кызматташтыкты ЖОЖдор менен эле эмес, баштапкы жана орто билим берүүдө дагы өстүрүү зарылдыгын белгиледи.

Петер Сийярто Венгрия Кыргызстан менен жогорку стратегиялык мамилелерди колдоо үчүн бардык аракеттерди көрөрүн дагы бир жолу тастыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4216