"Баламды күч менен алып кетишкен". УККнын мүчөсү адам уурдоого шектелип кармалды
RU

"Баламды күч менен алып кетишкен". УККнын мүчөсү адам уурдоого шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда адам уурдоого шектелип уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 20-сентябрга караган түнү Жалал-Абад РОВДга Сузак районунун 60 жаштагы тургуну кайрылган. Анын айтымында, жашыл түстөгү "Мерседес-Бенц" унаасы менен белгисиз адамдар анын 38 жаштагы уулун күч колдонуу менен уурдап кетишкен.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин "Адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши катталган.

Адам уурдоого шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4218