Айсулуу Тыныбекова АКШда кыргызстандыктар менен жолугушту. Видео
RU

Айсулуу Тыныбекова АКШда кыргызстандыктар менен жолугушту. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токиодо өткөн Олимпиада оюндарынын күмүш байге ээси, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова машыгуу сбору өтүп жаткан АКШга учуп кетти. Спортчу социалдык тармактагы баракчасында билдиргендей, Чикагодо мекендештери менен жолугушту.

"Чикаго шаарында, кыргыз маданият борборунда мекендештерибиз менен жолуктум. Сиздердин коом үлгүлүү экен десем жаңылышпайм! Спортко, маданиятка, биздин каада-салттарга салымыңар таң калтырды. Ынтымагыңарды көрүп жүрөгүм абдан жылып турат.

Кайсы өлкөгө барбайын мени мекендештерим жакшы тосуп алып, колдоолорун билдирип жатышат. Алыс жерде жүргөн күйөрмандарыма, жалпы кыргызстандыктарга терең ыраазычылык билдирем. Чикагодогу жолугушууда жаш муундар да келишти. Кыргызстанга салымын кошкон келечеги кең жаштардан болушсун демекчимин!

Бул жолугушууну уюштуруп берген Жоомарт байкеге терең ыраазычылык билдирем!",-деп жазды Тыныбекова өз баракчасына.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4239