Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектеги ыш көйгөйү менен алектенет
RU

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду Бишкектеги ыш көйгөйү менен алектенет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду турак жайларды жылуулук менен камсыздоо боюнча долбоорду иштеп чыгууда. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда россиялык компаниялардын бизнес миссиясы менен Бишкекте өткөн жыйында аталган фонддун төрагасы Артем Новиков билдирди.

Анын айтымында, сөз экология тармагында эки долбоорду иштеп чыгуу тууралуу болуп жатат. Алардын бири геотермалдык жылытууну өнүктүрүү жана ага Бишкектин конуштарын этап-этабы менен өткөрүү.

"Бул көмүр менен жылытуудан арылтууга жана борбордогу түтүн маселесин чечүүгө жардам берет. Келечекте мындай жылуулуктун баасы көмүрдүн баасынан ашпашы керек", - деди Новиков.

Фонддун экинчи долбоору автоунааларга, күйүүчү майга байланыштуу. "Экинчи долбоор республика боюнча газ колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү камтыйт. Бул экологияга оң таасирин тийгизип, унаа ээлеринин чыгымдарын азайтат", - деди РКФР башчысы.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4255