Сыймык Жапыкеев: Мелис Аспеков менен эч кандай мамилебиз жок
RU

Сыймык Жапыкеев: Мелис Аспеков менен эч кандай мамилебиз жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бул калп, Мелис Аспеков экөөбүздүн ортобузда эч кандай мамилебиз жок". ЭККМКнын жетекчиси Сыймык Жапыкеев Аспеков экөөнүн ортосунда байланыш бар деген маалыматка ушундай комментарий берди.

Ал эми кимден жана канча акча опузалаганын тергөө ишинин жыйынтыктары көрсөтөт, деди Жапыкеев.

Журналисттердин, Аспеков өндүргөн акчасын аны менен бөлүшүүнү пландап жатканы чынбы, деген суроосуна: "Бул туура эмес, ал антип айта алмак эмес", - деди.

Белгилей кетсек, айрым маалыматтык каражаттар Аспеков Жапыкеевге каршы көрсөтмө берип, өндүргөн акчасынын бир бөлүгүн ага бере турганын билдирген.

Ошондой эле, Жапыкеев блогер Улан Джураев менен да тааныш эмес экенин кошумчалады. "Джураев ким экенин да билбейм. Блогер экенин билем. Бир жолу кафеден көрсөм керек, бүттү. Мен Джураевдин аты ким экенин да билбейм", - деди ЭККМКнын жетекчиси.

Эске салсак, 8-январда, жарандык активист Мелис Аспеков жана блогер Улан Джураев "Кыргыз темир жолу" мекемесинин жетекчилигинен $250 миң опузалады деген шек менен камакка алынышкан.

Финансы полициясы кылмыш схемаларын аныктоо боюнча иш жүргүзүп жатат, ал кылмыштарга жогорку рангтагы чиновниктер тийиштүү. Ошондон улам, ЭККМКнын жетекчилигин кошо каралоого аракет кылгандардын саны көп, деп ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.

"Биз мындай иш аракеттерге таң калган жокпуз. Кызыкчылыгы бар адамдар тарабынан жасалып жатат. Мындай көрүнүш дагы көп ирет кайталана турганына да даярдбыз", - деп басма сөз кызматы белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/425