Адам өлтүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда кармалды
RU

Адам өлтүргөн чет элдик жаран Кыргызстанда кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматы чек араны мыйзамсыз кесип өткөн, Өзбекстандын жараны 1983-жылы туулган Х.С.ны кармады. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандык жаран 2016-жылдан бери Кыргызстанда миграциялык мыйзамдарды бузуп жүргөн. Ал атайылап киши өлтүргөндүгү үчүн Өзбекстандын укук коргоо органдарынан жашырынып, мамлекеттер аралык издөөгө алынган.

Кармалган адам Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4280