Самара Каримова милицияга кайрылып, музыкалык окуу жайдын мугалимдерине арыз жазды
RU

Самара Каримова милицияга кайрылып, музыкалык окуу жайдын мугалимдерине арыз жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы айым Самара Каримова, музыкалык окуу жайдагы пикир келишпестиктерден улам, милицияга кайрылып, мугалимдерге карата арыз жазды. Бул маалыматты Kaktus.media'га Ош шаарынын ИИБси тастыктады.

ИИБ берген маалыматка ылайык, Каримова кечээ, 17-январь күнү кечинде милицияга кайрылып арыз жазган. Ал музыкалык окуу жайдын жамааты анын директорлук кызматын ээлешине тоскоолдук жаратып жатат, деп билдирген. Каримованын арызын Жазык кодексинин 167-беренеси (соттун өкүмүн аткарбоо) боюнча Биридиктүү реестрге катташкан.

Бүгүн, иштин алкагында музыкалык окуу жайдын эки кызматкери суракка чакырылды.

Эске салсак, Самар Каримова 2018-жылдын 24-октябрында Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Бир нече күн өткөндөн кийин жаңыдан Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келген Азамат Жаманкулов ал буйрукту жокко чыгарып, Каримованы директорлуктан алып салган.

Жакында эле Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сотту утуп чыгып, соттун чечими менен ал кайрадан директорлук кызматына кайтарылууга тийиш. Окуу жайдын коллективи соттун чечимине каршы чыгышты.

Буга чейин Каримова Оштогу музейдин жетекчиси болуу аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/428