Самара Каримова, кечинде училищеге келип, директордун кабинетин ээлеп, кулпусун алмаштырды
RU

Самара Каримова, кечинде училищеге келип, директордун кабинетин ээлеп, кулпусун алмаштырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ырчы Самара Каримова кечээ, 18-январь күнү кечинде, Оштогу музыкалык окуу жайга келди. Кызматкерлердин айтымында, ал директордун кабинетин ээлеп, кулпусун алмаштырды.

Аны менен бирге милиция кызматкерлери де келишкен, алар сыртынан бекип турган эшиктин кулпусун сындырып, жаңысын орнотууга уруксат беришкен.

Эске салсак, Самар Каримова 2018-жылдын 24-октябрында Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору болуп дайындалган. Бир нече күн өткөндөн кийин жаңыдан Маданият, маалымат жана туризм министри болуп келген Азамат Жаманкулов ал буйрукту жокко чыгарып, Каримованы директорлуктан алып салган.

Жакында эле Самара Каримова Маданият министрлигине каршы сотту утуп чыгып, соттун чечими менен ал кайрадан директорлук кызматына кайтарылууга тийиш. Окуу жайдын коллективи соттун чечимине каршы чыгышты.

Буга чейин Каримова Оштогу музейдин жетекчиси болуу аракетин көргөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/429