Бийлик кайрадан Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолун курууну пландай баштады
RU

Бийлик кайрадан Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолун курууну пландай баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы Туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арая Канопкан "Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолун куруу" долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда Алматы – Ысык-Көл альтернативдик жолунун долбоору сунушталып, аны ишке ашыруунун техникалык, финансылык, экономикалык жана башка аспектилери талкууланды.

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары долбоордун маанилүүлүгүн белгилеп, Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрүнө колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

"Долбоор өлкөнүн туризм, транспорт жана соода потенциалына оң таасирин тийгизери талашсыз. Аны ишке ашырууга министрлер кабинети ар тараптуу жардам көрсөтөт", - деп белгилеп, Азиз Аалиев тиешелүү мамлекеттик органдарга аны мүмкүн болушунча тезирээк ишке киргизүү үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүүнү тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптардын кызматташуусунун башка маселелери да талкууланды.

Маалымат үчүн

Алматы менен Ысык-Көл облусун байланыштырган альтернативалуу жана түз жол жүрүү убактты жана чыгымды азайтат. Ошондой эле өз ара каттамдардын жыштыгын жогорулатат.

Жаңы жол аймактын экономикасын өнүктүрүүнү көздөйт. Анткени ал туристтик агымдын көбөйүшүнө жана инвестиция тартууга түрткү болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4306