Талибан парады. Афганистанда америкалык жана россиялык техникалар көрсөтүлдү. Сүрөттөр
RU

Талибан парады. Афганистанда америкалык жана россиялык техникалар көрсөтүлдү. Сүрөттөр

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Афганистанда бийликти басып алган "Талибан" кыймылы Кабулда аскердик парад өткөрдү. Бул тууралуу - Би-Би-Си орус кызматынын материалында.

Талибдер өлкөнү басып алгандан кийинки колго түшүрүлгөн же мурунку өкмөттөн мураска калган аскердик техникасын көрсөтүштү.

Парадда Россияда жасалган Ми-8/17 тик учактары Кабулдун үстүнөн учуп өткөн.

Жаңы афган өкмөтүнүн басма сөз катчысынын айтымында, парад жаңыдан даярдалган 250 аскердин "бошотулушуна" туш келген.

Анткен менен Reuters агенттигинин баяндамачысы Гибран Пишимам бул параддын чыныгы максаты – талибдер козголоңчу күч эмес, кадимки армияга айланганын дүйнөгө айкындоо деп эсептейт.

Талибдер күчүн көрсөтүүгө аракет кылып жатканы менен эл аралык гуманитардык агенттиктер өлкөдөгү жалпы экономикалык абал каргашалуу абалга жакындап баратканын кабарлашууда. Быйылкы кышта миллиондогон афганистандыктар ачарчылыкка туш болушат.

Көрсөтүлгөн техниканын жана курал-жарактын көбү мурдагы өкмөттүн тушундагы Афган армиясына таандык болгон.

АКШда жасалган ондогон M1117 бронетранспортерлору Кабулдун негизги магистралын бойлой жай жүрүп, алардын үстүнөн Россиянын Ми-8/17 тик учактары учуп өтүштү. Ошол эле маалда параддын катышуучулары Америкада жасалган М4 автоматтарын да кармап турушкан.

Талибан өкүлдөрүнүн айтымында, эски армиянын учак жана механик сыяктуу аскер адистери акырындык менен жаңы армияга кошулат.

Бирок, буга чейин Россиянын эксперттери талибдердин мурдагы афган армиясынын учактарын сактап калаарына күмөн санашкан. Анткени ага учкучтар гана эмес, квалификациялуу техникалык тейлөө жана тетиктер да керек. "Рособоронэкспорттун" жетекчиси Александр Михеевдин "Интерфакс" агенттигине билдиришинче, мурдагы өкмөт кулаган учурда Афганистанда 100дөн ашуун Ми-17 тик учагы калган.

2002-жылдан бери АКШ Конгресси Афганистанды калыбына келтирүүгө дээрлик 144,4 миллиард доллар бөлгөн, деп айтылат АКШ өкмөтүнүн көзөмөл органы болгон Афганистанды калыбына келтирүү боюнча атайын инспекциянын отчетунда. Анын 88,3 миллиард доллары өлкөнүн куралдуу күчтөрүн жана коопсуздук күчтөрүн даярдоого, куралдандырууга бөлүнгөн.

Алынган куралдардын бир бөлүгү мурдагы армиянын өкүлдөрү качып кеткен Афганистанга кошуна өлкөлөргө жеткирилген. Бирок, талибдер калганынын баарын мурастап алышкан.

Бул талибдердин биринчи жолу аскердик парад өткөрүшү эмес. 8-ноябрда кыймыл Кандагарда унааларды жана аскерлерди көрсөтүшкөн.

Курал-жарактар талибандарга тиешелүү экенин билбегендер Американыкы менен алмаштырып алышы мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4316