Транпспорт башкармалыгы: Караңгы болгон үчүн маршруткачылар линияга чыккандан коркушту
RU

Транпспорт башкармалыгы: Караңгы болгон үчүн маршруткачылар линияга чыккандан коркушту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн эртең менен, 19-январда, шаардыктар кайрадан жумуштарына маршрутка менен кете алышкан жок. Анткени эч кимиси ишке чыккан эмес.

Шардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Улан Бейшенбаевдин берген малыматына ылайык, эртең менен 06:30да бардык автобекеттерде 400гө чукул бустар бар болчу. Бирок саат 09:00го чейин алардын саны эки эсе көбөйүп, линияга 800-900бус чыккан. Учурда айдоочулар рейске чыгып иштеп жатышат.

Ал түшүндүрүп бергендей, Бишкектин маршрутчиктери эртең менен эрте караңгы болгондуктан жумушка чыкккандан коркушту. Алар каршылыкты улантууга үндөгөн, өздөрүнүн эле кесиптештеринен чоочулап жатышат. Анткени жумушка чыгып алгандарды коркутуп-үркүтүүлөр орун алууда.

Белгилей кетчү жагдай, айдоочулар болуп жаткан окуялар үчүн мэрия жоопкерчилик алуусун талап кылышууда. Башка айдоочулар тараптан кысым көрсөтүлсө, транспортко зыян келтирилсе кимге кайрылып, кимден жардам сураса болот, деп.

Бейшенбаевдин айтымында, бардыгы контролго алынган. Учурда тартипке көзөмөл салып, ШИИБнин жана Кайгуул кызматынын 500гө чукул кызматкери иштеп жатышат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/431