Экертүү! Бишкектин айрым аймактары ​​кечке чейин суусуз калат
RU

Экертүү! Бишкектин айрым аймактары ​​кечке чейин суусуз калат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-ноябрда саат 09:00дөн 16:00гө чейин Бишкектин "Энесай", "Дордой 1", "Дордой 2" конуштарында муздак суу болбойт. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Муздак суунун өчүрүлүшүнө Энесай суу алгыч жана шаардык суу түтүктөрүн оңдоо иштери себеп болууда.

"Бишкексууканал" калкты жана мекемелерди ичүүчү сууну камдап алууну суранат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4327