Балбак Түлөбаев "Дордойго" муниципалдык базар курат
RU

Балбак Түлөбаев "Дордойго" муниципалдык базар курат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев "Бишкекглавархитектурага" муниципалдык базардын долбоорун иштеп чыгуу тапшырмасын берди. Жаңы базар "Дордойдун" территориясына салынат.

Бир күн мурда, Балбак Түлөбаев, базар салына турган аймакты кыдырган. Учурда, ал жерде жалпы аянты 1850 кв.м болгон 76 павильон жана аянты 1589,5 кв.м сактоочу камералар жайгашкан. Текшерүүдөн кийин 40 павильонду алып салуу чечими кабыл алынды. Анткени алар электрөткөрүүчү линиялардын (ЛЭП) үстүндө жайгашкан.

Шаардыктарда, эмнеден улам Түлөбаев базарларды инспекциялап калган, алар менчик физикалык жактарга тийиш, деген суроо пайда болду. Эч ким үчүн сыр эмес, "Дордой" базары Салымбековдордун үй-бүлөсүнө таандык экени.

Мэрия берген түшүндүрмөгө ылайык, "Дордой" базарынын бардык территориясы Салымбековдорго таандык эмес, чакан бир бөлүгү муниципалдык менчик. Так ошол жерге жаңы муниципалдык базар салынат.

Кайсы жер экенин түшүнүү үчүн:

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/433