Кыргызстан - Казакстан аркылуу өтүүчү товрларга навигациялык пломба колдонуу узартылды
RU

Кыргызстан - Казакстан аркылуу өтүүчү товрларга навигациялык пломба колдонуу узартылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынан Казакстан Республикасына, Россия Федерациясына жана тескери багыт боюнча автоунаа каражаттары менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылгандыгы тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдайт.

Тийиштүү чечимге Кыргыз Республикасынын жана Казакстан Республикасынын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту.

Мурда пилоттук долбоордун мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин деп аныкталган, учурда ал долбоор 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

Ушул мезгилде Кыргыз Республикасынан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү (самоход) товарлардан тышкары, автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет.

7 мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстан Республикасынын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат.

МСКнын басма сөз кызматы маалымдагандай, ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат.

Ошол эле учурда өткөрмө пункттарында ("Барыс" жана башка), атайын бөлүнгөн жерлерде жана ошол жолдордо пилоттук долбоорго катышуунун алкагында навигациялык пломбалары бар жүк ташуучу автранспорттук каражаттарга контролдоонун кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт, деп ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/434