Кара-Кечедеги айдоочулар көмүр 3 миңден сатылып жатканына нааразы. Видео
RU

Кара-Кечедеги айдоочулар көмүр 3 миңден сатылып жатканына нааразы. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кара-Кечедеги жүк ташуучу унаалардын айдоочулары Бишкекте көмүрдүн 3000 сомдон сатылып жатканына нааразы.

Видеодо нааразы болгон бир нече айдоочулар тартылган.

"Социалдык тармактардан дизель майы жок деген видеону көрдүм. Бизде тамак-ашыбыз жок, ал тургай суу да жок. Бул жерде бир нече күн жаткандыктан, бири-бирибизден бир стакан суу сурайбыз", - дешет айдоочулар.

"Бийлик графигин жазып, бул күндөрү келбегиле, арзан баадагы жүк ташуучулар иштейт десе, биз үйдө жылуу жатмакпыз. Бул жерге тыгылбай",-дейт айдоочулар.

"Айдоочулардын эч кимиси 3 миң деген баага макул эмес. Бекер таратса да, алдын ала айтып, график түзүш керек болчу. 3 миң сом айдоочунун чыгашасын, жада калса дөңгөлөктөрүн да жаба албайт. Батирде жашаган айдоочулар да бар, ага төлөйт. Ар бир дөңгөлөк 22 миң сом. Бензиндин баасы, май, кумшекер жана азык-түлүк кымбат", - деп айтылат видеодо.

Эскерте кетсек, президент Садыр Жапаров Кара-Кеченин көмүрүн арзандатылган баада сатуу тапшырмасын берген. Калк арасында көмүргө болгон суроо-талаптын жогору экендигин эске алып, тоннасын 3 миң сомдон сатуу чечими кабыл алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4357