Ош Электр" ААКтын жетекчилери мамлекеттик бюджетке 30 млндон ашык сом зыян келтиришкен
RU

Ош Электр" ААКтын жетекчилери мамлекеттик бюджетке 30 млндон ашык сом зыян келтиришкен

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Финансы полициясынын Ош шаары боюнча башкармалыгы коммерциялык же башка уюмдагы ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча "Ош Электр" ААКга карата сотко чейинки өндүрүштү баштады. Бул тууралуу ЭККМКнын басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, аталган ААКтын жооптуу адамдары Мамлекеттик мүлк фонду менен макулдашпай туруп, аянты 1665,0 чарчы метр жер тилкесинде жайгашкан, жалпы аянты 619,66 чарчы метр болгон административдик имаратты сатышкан.

Энергия сатуунун мурунку административдик имаратын жана ага жанаша жайгашкан жер тилкесин 8 миллион сомго сатышканы аныкталды (болжол менен 100 миң АКШ доллары), аны сатуу учурундагы ушул сыяктуу жер участогунун орточо базар баасы 1 сотук жер үчүн болжол менен 30 миң АКШ долларын түзгөн.

Учурда, "Ош Электр" ААКтын жооптуу адамдарын жоопкерчиликке тартууга, ошондой эле мамлекеттик бюджетке келтирилген акчалай зыяндын ордун толтурууга багытталган

тиешелүү иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатат, деп ЭККМК билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/435