"Веселый молочник" жабылдыбы?
RU

"Веселый молочник" жабылдыбы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Социалдык тармактын колдонуучулары "Бишкексүт" ("Веселый молочник" соода маркасы) кризистин айынан жабылганын жазып чыгышты.

Бишкектик айым ар дайым бир эле жерден "Веселый молочник" фирмасынын желим бөтөлкөдөгү сүтүн алып жүргөнүн Kaktus.media редакциясына билдирди. Дүкөн Калык Акиев менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде турат.

"Өткөн экинчи күндөн бери сүт сатылбай калды. Сатуучулардан сурасам, сүт келбей калды, деп айтышты, бирок себебин билишпейт экен", - деп белгиледи.

Дагы бир кардар "Веселый молочниктин" павильонуна кирсем, йогурт, айран, кефирлери бар, бирок сүт жок экенин айтты. Ага заводдо сүт жок, алынып келинген сүттүн сапаты начар, деп түшүндүрүшүптүр.

Кыргызстандагы Сүт бирикмесинин жетекчиси Темирбек Ажыкулов "Бишкексүттүн" жабылуусуна эч кандай негиз жок деди. Анын айтымында, жакын арада заводдун жетекчилиги алмашып, Сергей Одинцов директор болуп дайындалды.

"Балким, ошондон улам товарды өз маалында жеткире албай калышты", - деп Ажыкулов божомолдоду.

Компания Kaktus.media редакциясына байланышып, "Бишкексүт" кадимки режимде иш алып барып жатканын маалымдады. Болгону сезондук продукциянын тартыштыгына байланыштуу ушундай көрүнүш болуп жатат.

"Даяр продукция жетишсиз. Сырье жакын арада туруктуу жеткириле баштайт деп үмүттөнөбүз", - деп "Веселый молочник" соода маркасынын бренд-менеджери Ольга Земцова айтып берди.

Белгилей кетсек, 10-ноябрдан тартып 12-ноябрга чейин Кыргыз фонд биржасынын маалыматына ылайык, "Бишкексүт" компаниясынын акциялары 1,5 миң сомго чейин кымбаттаган (баанын өсүүсү +950 сом).

Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча, "Бишкексүт" компаниясынын жетекчиси Кахабер Кавтуашвили, негиздөөчүсү - 49 акционер (он юридикалык жана 239 физикалык жактар). Маалымат 2006-жылдын 10-мартына карата берилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4383