Мамлекеттик агенттиктин эскертүүсүн аткарбагандыгы үчүн Адвокатурага айып пул салынды
RU

Мамлекеттик агенттиктин эскертүүсүн аткарбагандыгы үчүн Адвокатурага айып пул салынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына айып пул салынды, анткени ал Антимиполдук саясат боюнча мамлекеттик агенттиктин эскерүүсүн аткарган эмес. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы кабарлады.

5-январында Кыргыз Республикасынын жараны С.А.Снын арызын кароонун алкагында, Мамлекеттик агенттик Адвокатура тарабынан Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесин бузуу тууралуу ишти карады.

Натыйжасында, Кыргыз Республикасынын Адвокатурасына мүчө болуп кирүүдө 20 000 сом өлчөмүндөгү кирүү төгүмү түрүндөгү тоскоолдукту алып салуу аркылуу монополияга каршы мыйзамды бузууну жоюу тууралуу Мамлекеттик агенттиктин 2018-жылдын 24-октябрындагы №120 жазма эскертүүсүн аткарбагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө Кодексинин 293-беренесине ылайык, 2-категориядагы айып түрүндө жаза колдонуу токтому чыгарылды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/438