Түрмөдө отуруп ачкачылык жарыялаган Саакашвили эс-учун жоготту
RU

Түрмөдө отуруп ачкачылык жарыялаган Саакашвили эс-учун жоготту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грузиянын мурдагы президенти, 49 күндөн бери ачкачылык кармап жаткан Михаил Саакашвили адвокаттар менен жолуккандан кийин эс-учун жоготту. Бул тууралуу адвокаты Бека Басилая "Эхо Кавказа" радиосунун кабарчыларына билдирди.

Басилаянын айтымында, саясатчыны түрмөнүн ооруканасындагы бөлмөдөн замбилге салып алып кетишти. Кийинчерээк ал Саакашвили өзүнө келгенин айтып, "медициналык көз караштан баа бере албайм, бирок абалы өтө оор болчу", - деди.

Экс-президент 1-октябрдан бери ачкачылык кармап жатат. Адегенде ал кылмыш иштерин жабууну талап кылып келсе, эми кадимкидей ооруканага которууну талап кылууда. Мекенинде эки кылмыш иш боюнча сыртынан кесилген экс-президент 29-сентябрда Грузияга кайтып келери менен кармалган. Ага президент болуп турганда кызматынан кыянат пайдаланган деген айып тагылган. Азыр анын үстүнөн дагы бир сот жүрүүдө.

Оппозиция Саакашвили саясий жүйө менен куугунтукталып жатканын айтып, бир нече депутат тилектештик иретинде ачкачылык жарыялашкан. Евробиримдиктин бир катар мыйзам чыгаруучулары, Латвия жана Украинанын мурдагы президенттери грузин бийлигин Саакашвилини эркиндикке чыгарууга чакырышты.

Саясатчыны кое берүү үчүн грузин президенти ага ырайым берүүгө тийиш. Бирок Саломе Зурабишвили андайга барбасын кайталап келет.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4392