Бишкекте, 23-январда кезектеги айыл-чарба жарманкеси өтөт
RU

Бишкекте, 23-январда кезектеги айыл-чарба жарманкеси өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жарандардын өтүнүчү боюнча, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги республиканын мэриясы жана өкмөтү менен биргеликте айыл чарба жарманкесин өткөрөт. Кезектеги жарманке, 23-январда, Бишкекте, Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде өтөт.

"Биз жарандардын өтүнүчүн эске алуу менен бир айда эки ирет жарманке өткөрүүнү

туура көрдүк. Ар бир өткөн жарманкеде иш-чаранын форматын жаңыртып турабыз", - деди Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министринин орун басары Бермет Турсалиева.

Жарманке 23-январда саат 10:00дө өтүп, анда азыктар төмөнкү баада коюлат:

• Эт азыктары 390 сом

• Жумуртка 88-92 сом

• Үй тооктору 180-200 сом

• Каймак 220 сом

• Быштак 180 сом

• Колдун айраны 40 сом

• Өсүмдүк майы 112-120 сом

• Картошка 22-25 сом

• Пияз 15 сом

• Сабиз 20 сом, жашылчалар, суусундуктар ж.б.

Кошумча маалымат алуу үчүн: 0704 25 25 55, 0222 55 55 21, 0550604060

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/439