Мугалим өзүнүн китебин студенттерге сатканы мыйзамдуубу?
RU

Мугалим өзүнүн китебин студенттерге сатканы мыйзамдуубу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламатсызбы! Университетте мугалим өзүнүн китебин студенттерге сатканы мыйзамдуубу? Себеби бир сабактан берген эже китебин 800 сомдон студенттерге сатып жатат. Сабагы ошол китептен гана болорун айтыптыр. Эгер ал китепти албаса модулдардан жыгып салам деген экен.

КРнын Билим берүү министрлигинин PR бөлүмү

Кутмандуу күнүңүз менен! Мугалим окуучуларды китептерин сатып алууга мажбурлоого укугу жок. Андан тышкары, эгерде ал мугалим сатып жаткан окуу китеби министрлик тарабынан анын предмети боюнча окутууга бекитилген болсо, анда университеттин китепканасында болушу керек болчу. Студенттер ошол жерден алып окушат. Бул боюнча университеттин жетекчилигине билдиргиле же болбосо Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрилигин +996 (312) 62-05-19 ишеним телефонуна байланышка чыккыла.

Маалымат bilesinbi.kg сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4418