"Манас" аэропорту Стамбул шаарына авиарейстердин көбөйгөнүн билдирди
RU

"Манас" аэропорту Стамбул шаарына авиарейстердин көбөйгөнүн билдирди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Стамбул-Бишкек-Стамбул авиарейстердин саны көбөйөт. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады.

Белгилүү болгондой, 20-январдан тартып, Стамбул-Бишкек-Стамбул маршруту боюнча авиакаттамдар жумасына жети жолу уча баштайт. Рейстерди Turkish Airlines компаниясы ишке ашырат. Буга чейин аталган маршрут боюнча жумасына бир эле рейс аткарылчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/441