Россияга баргандар медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү
RU

Россияга баргандар медициналык текшерүүдөн өтүүгө милдеттүү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2021-жылдын 29-декабрынан баштап Россия Федерациясына визасыз тартипте иштөө үчүн келген чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин мамлекеттик каттоо жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керек. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги маалымдады.

Медициналык текшерүү - баңги каражаттарын же психотроптук заттарды врачтын рецептисиз колдонуу фактысынын бар же жок экендигин текшерүүнү, жугуштуу ооруларды, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ инфекциясы) менен шартталган ооруларды аныктоо кирет.

Эгерде натыйжа терс болсо, тиешелүү күбөлүк берилет. Мындай жарандарга карата баңги каражаттарын же психотроптук каражаттарды же жогоруда көрсөтүлгөн ооруларды колдонуу фактысы аныкталган учурда, алардын Россия Федерациясында болушунун (жашоосунун) жагымсыздыгы жөнүндө же Россия Федерациясына кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат.

Дактилоскопиялык мамлекеттик каттоо - манжа изин алуу жана сүрөткө тартуу жол-жобосун камтыйт. Ага өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар аймактык ички иштер башкармалыгына, же ведомстволук ишканага же ыйгарым укуктуу уюмга жеке кайрылуусу керек.

Жаныңызда паспорт, ошондой эле адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ) менен шартталган оорунун жоктугу тууралуу маалымкат жана медициналык текшерүүдөн өткөндүгүн тастыктаган башка документтер болушу керек.

Милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан өткөндөргө ырастоочу документ берилет. Бул жол-жобосу бир жолку болуп саналат.

Чет өлкөлүк жарандар милдеттүү мамлекеттик манжа изин каттоо, сүрөткө тартуу жана (же) медициналык текшерүүдөн өтүү боюнча милдеттерин аткарбаган учурда, Россия Федерациясында убактылуу болуу мөөнөтү кыскартылат.

Эскертүү: Россия Федерациясына ишке орношуу менен байланышпаган максаттарда келген чет өлкөлүк жарандар Россия Федерациясына кирген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде милдеттүү түрдө мамлекеттик манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуудан, ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4422