Джо Байден казакстандык аялды жогорку кызматка дайындоону сунуштады
RU

Джо Байден казакстандык аялды жогорку кызматка дайындоону сунуштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

АКШнин президенти Джо Байден Финансылык көзөмөлдү башкаруу кызматына казакстандык Сауле Омарованы сунуштады. Бул тууралуу Meduza басылмасы жазды.

Омарова - банк укугу тармагындагы абройлуу адис. Эгер АКШнин сенаты анын кандидатурасын бекитсе, ал бул кызматтын 158 жылдык тарыхындагы алгачкы айым болуп калат. Бирок, республикачыл сенаторлор (жана көпчүлүк банктар) ага каршы чыгышууда. Негизги, бирок жалгыз эмес себептердин бири - Омарова Советтер Союзунда туулуп өскөн.

Сауле Омарова - Корнель университетинин профессору жана банк укугу тармагындагы эң абройлуу адистердин бири. Батыш жана россиялык ММКлар ал жөнүндө жакында эле жаза башташты. 2021-жылдын сентябрь айында АКШнин президенти Джо Байден Омарованы Финансылык көзөмөлдү башкаруу кызматына сунуштаган. Ал эми республикачылар ага чыныгы сурак уюштурушкан. Себеби, кызматка дайындалуу үчүн алардын макулдугу керектелет.

Сауле Омарова өзүнө чоң кызыгуу жаратып жатканы мыйзам ченемдүү көрүнүш - ал Казак ССРинде туулуп өскөн. Аны сындап чыккандардын пикири боюнча, ал дале советтик идеологияны карманат жана "рынок капитализмине окшогон эч нерсени жактырбайт". "Мен оңой олжомун: эмигрантмын, аялмын, азчылыктын өкүлүмүн", - деп Омарова ага карата болгон сынга жооп кайтарды. Банк комитетинин жыйынында республикачыл сенатор Джонн Кеннеди, "сизге кантип кайрылышым керек - профессор же товарищ деппи?" - дегенде "Мен коммунист эмесмин, жана бул идеологияны колдобойм. Мен кайсы жерде туулушумду тандаган эмесмин", - деп жооп кайтарган.

Сауле Омарова 55 жашта. Ал Казакстандын түндүгүндөгү Уральск шаарында туулган. Кургак учук диспансеринде иштеген апасы жана таенеси менен бир турчу. "1984-жылы алтын медаль менен мектепти аяктаган. Ал физика жана математика сабактарынан көптөгөн сынактарга, олимпиадаларга катышчу. 50 жылдын ичинде ал жеткендегидей ийгиликке биздин мектептин 30 бүтүрүүчүсү гана жетти", - дейт №21-орто мектептин директору Лаура Шаркубенова.

Сауле МГУнун философия факультетинде окуп, ошол кездеги эң престиждүү студенттик стипендияны - Ленин стипендиясын алчу. Дипломдук ишинин темасы "Карл Маркстын экономикалык анализи жана "Капиталдагы" революция теориясы" болчу. Сынчылар так ушул ишине көп асылат. Омарова, ал кезде эркиндик жөнүндө кыялданууга да укугу жок болгонун белгилейт. Илимий ишти тандоодо дагы. Ал көпчүлүк группалаштарындай эле коммунизмге каршы болчу: тыюу салынган басылмаларды жашыруун окуп, Солженицындын адабиятына кызыгып, Pink Floyd'дун музыкасын укчу.

Омарова анын үй бүлөсү коммунистик режимден жабыркаганын көп ирет айткан. "Чоң энем Сталиндин айынан жетим калган, себеби үй бүлөсү Сибирге куугунталып, ошол жерден өлүшкөн. Анын үй бүлө мүчөлөрү партияга кирүүдөн баш тартканын Financial Times'ка берген интервьюсунда айтып берген.

Сынчылар анын 2019-жылы жазган твиттердеги билдирүүсүн да таап чыгышкан.

АКШга келгенге чейин, мен дүйнөдө айлык акы төлөөдө теңсиздик бар экенин билчү да эмесмин. Эмне деген күндө да, СССРде айлык акы адамдын жынысына карбастан бирдей төлөнчү. Рынак ар дайым эле эмне туура экенин биле бербейт.

Сауле Омарова 1991-жылы студенттерди алмаштыруу программасы менен АКШга келген. Сегиз жылдан кийин Висконсин-Мэдисон университетинен доктордук даражасын жактаган.

Ал Нью-Йорктогу эң ири юридикалык Davis Polk & Wardwell фирмасында иштеп, кичүү Джордж Буш президент болуп турган кезде финансы министрлигинде кеңешчи болчу. Учурда Корнель университетинин банк укугу боюнча профессор. Эгер анын кандидатурасы бекитилсе, бул кызматка дайындалган алгачкы аял катары тарыхта калат.

Омаровага каршы республикачылар жана банк коомчулугу чыгып жатат. Аларды профессордун финансы системасын реформалоо керек деген пикири тынчсыздандырууда. Ал америкалыктарга АКШнин Федералдык резервдик системасында түздөн түз эле эсеп ачууну сунуштады. Ошондо ортомчул банктарга болгон муктаждык жоголот, дейт Омарова. Банк өкүлдөрүнүн пикири боюнча, бул сунуш ишке ашып калса, учурдагы банк системасы талкаланат.

Сауле өзүн "эркин рыноктун идеалисти" деп атап, ири банктарга тобокелдүү инвестицияларды алууга жолтоо болгусу келгенин билдирди. Анткени мындайда чыгашалардын бардыгы коомчулуктун мойнуна жүктөлүп жатат.

Омарованын дагы бир каршы пикирди жараткан позициясы криптовалютасына тиешелүү. Профессордун айтымында, анын өнүгүүсү көмүскө банктардын жаралуусуна түрткү болот. Ошондуктан финтех-компаниялар катуу көзөмөлгө алынууга тийиш. Ал үчүн Улуттук инвестициялык башкарма деп аталган атайын ведомоствону ачууну сунуштады.

Каршы чыккандарга карабастан Омарованы колдогондор да жетиштүү. Басымдуу бөлүгу демократтар. "Омарова финансылык башкаруу тармагындагы дүйно жүзү боюнча эң алдыңкы адистердин бири. Аны менен макул болосуңарбы же каршы чыгасыңарбы - Сауленин бул тема боюнча жазгандарын эске албай туруп, АКШнин банк жана финансы укугу боюнча бир теманы толук канлдуу талкуулай албайсыңар", - дейт Мичиган университетинин доценти Джереми Кресс.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4424