Пандемиялык кризис учурунда тескерисинче өнүккөндөрү да бар. Тигүү цехтерине тур
RU

Пандемиялык кризис учурунда тескерисинче өнүккөндөрү да бар. Тигүү цехтерине тур

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте, 23-ноябрда үч ата мекендик тигүү ишканасына пресс-тур өттү. Пандемиядан кийин алардын иши кандай жүрүп жататканын көрүп келдик.

Тигүү ишканалары 2020-жылы коронавирустук пандемиядан улам иши солгундай түшүп, рынок чыгып кеткендер да болгон. Анткен менен, арасынан тескерисинче учурдан пайдаланып өнүгүп, жакшы иштегендери да бар.

BelMaRo өнөр жайынын жетекчиси Анастасия Бельц пандемия учурунда жакшы иштеген. Анын айтымында, башка иш каналар ишин токтотуп койгондуктан аларга атаандаш жок болгон. Ушул себептен да жакшы иш алып барууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

"Биз максаттарыбызга сөзсүз жетүүнү көздөгөнбүз. Буга пандемия терс таасирин тийгизген жок. Тескерисинче атаандаш жок болуп, жакшы болду. Ошол учурда сапаттуу кийимдерди тигип өзүбүздүн бренд үчүн иштеп калдык. Жөн гана бардык учурга даяр болуп, кол шилтеп койбоо керек",-дейт ал.

Ал эми Baziko-style иш канасынын негиздөөчүсү Базаркүл Самиева пандемиядан кийин эл аралык уюмдардын онлайн программаларынын жардамы менен бутка турганын айтат. Андыктан тигүү тармагы мамлекеттик деңгээлде каралышы керек деп эсептейт. Ал учурда кийимдерин онлайн сатыла баштаганын кошумчалады.

Пандемиядан кийин "Модники" ишканасынын жетекчиси Дмитрий киймдерди чет өлкөлөргө көп жиберээрин айтты. Ал Кыргызстанда тигүү тармагын атайын үйрөтүп, окуткан мекемелер көбүрөөк болсо жакшы болорун белгиледи. Анткени кирешелүү болгону жаштарды көп кызыктырат. Профессианалдуу иш алып баргандар болсо мындан дагы жакшы болорун кошумчалады.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда жеңил өнөр жай тармагында 250 миңге чукул киши эмгектенет.

Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын продукциясы дээрлик толугу менен экспортко багытталган. Бул тармак алтындан кийинки эле экономиканы түзүүчү экспорттук сектор болуп эсептелет. 200 миңге жакын адам иштеп, жума сайын айлык акы алышат.

Бул тигүү ишканалар глобалдык текстиль жана кийим-кече программасынын (GTEX) бенефициарлары болуп саналат. Алар тышкы рынокко чыгуу үчүн Швейцария Өкмөтүнөн техникалык жардам алышат. Пресс-тур да ушул программанын техникалык колдоосу менен уюштурулду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4446