Гүлзат Мамытбек абакта ачкачылык акциясын токтотту
RU

Гүлзат Мамытбек абакта ачкачылык акциясын токтотту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Гүлзат Мамытбек СИЗОдогу ачкачылык акциясын токтотту. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунан билдиришти.

23-ноябрда Акыйкатчы институтунун кызматкери Бишкек шаарындагы No1 СИЗОдогу Гүлзат Алымкуловага (Гүлзат Мамытбек) барды. Ал өзүн жакшы сезип жатканын, күн сайын витаминдериди берип, мамлекеттик органдарга кат-кабарлар жана арыздар жөнөтүлүп жатканын, СИЗОнун жетекчилигине эч кандай дооматы жок экенин айтты.

23-ноябрдан бери Гүлзат Мамытбек ачкачылык акциясын расмий токтотту.

Эске сала кетсек, ал 14-ноябрда нааразылык иретинде ачкачылык жарыялаган. Ал президентке жана ар кайсы мамлекеттик органдарга жазылган каттарды кабыл албай жатканын айтып нааразы болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4466