5-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат
RU

5-февралдан баштап Кувейт-Бишкек-Кувейт жаңы үзгүлтүксүз авиакаттамы ачылат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Манас" эл аралык аэропорту" ААК 2021-жылдын 5-февралынан тартып Кувейт-Бишкек-Кувейт жаңы үзгүлтүксүз каттам ачууну пландоодо. Мындай маалыматты аэропорттун басма сөз кызматы таркатты.

Авиакаттамды Кувейттин Jazeera Airways авиакомпаниясы ишке ашырат.

Үзгүлтүксүз каттам жумасына 2 жолу - дүйшөмбү жана жума күндөрү рейске чыгат.

Учуу узактыгы - 3 саат 35 мүнөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/446