Айсулуу Тыныбекова жаңы образда сүрөткө түштү (фото)
RU

Айсулуу Тыныбекова жаңы образда сүрөткө түштү (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Токиодо өткөн Олимп оюндарынын күмүш медалынын багындыруучусу, дүйнөнүн эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова социалдык баракчаларына жаңы сүрөттөрүн жайгаштырды.

Фотосессия табияттын койнунда өтүп, бул ирет Айсулуу улуттук стилдеги чапан кийип, мойнуна жибек жолук ороп түшкөн.

"Бир канча кылымдар мурунку ата-бабаларыбыздын кийимдерине берилген стилдүүлүк суктандырат! Андан бүтүндөй муундарды, тарыхты басып өткөн көрктүүлүк (сулуулук) менен кайраттуулук сезилип турат", - деп Тыныбекова жазган.

Спортчу айымдын жаңы образы катталуучулардын кызуу колдоосуна татыды. Комментарий жазгандар "Баракелде", "Атына заты жарашкан биздин сулуу!", "Чапандын көркүн ачыпсыз" деп, жалаң жагымдуу пикир калтырышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4475