Акжол Махмудов менен Канат Бегалиев машыктыруучусунун тоюнда ырдашты (видео)
RU

Акжол Махмудов менен Канат Бегалиев машыктыруучусунун тоюнда ырдашты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Грек-рим күрөшү боюнча Олимп оюндарынын байгечилери Акжол Махмудов менен Канат Бегалиев машыктыруучусу Мейрамбек Ахметовдун тоюнда ырдашты.

Балбандар Бек Борбиевдин "Кыргызстан" деген ырын аткарышкан. Видеону тойго келген коноктор социалдык тармактарга чыгарыптыр.

Белгилей кетсек, кечээ Бишкектеги тойканалардын биринде Кыргызстандын эмгек сиңирген машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов өзүнүн 60 жылдык мааракесин белгиледи. Конок катары кесиптештери жана тарбиялануучулары да чакырылган.

Эске салсак, Канат Бегалиев Олимпиада-2008ден күмүш медаль алса, Акжол Махмудов быйыл Токио шаарында өткөн Олимпиадада күмүшкө татыган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4476