Ким Кыргызстандын премьер-министри болот? Бир нече талапкер бар
RU

Ким Кыргызстандын премьер-министри болот? Бир нече талапкер бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Артем Новиковдун талапкерлиги Кыргызстандын премьер-министрлигине каралып жатат. Бул тууралуу Kaktus.media'га жеке булактар билдирди.

Андан тышкары башкалардын да кандидатуралары каралып жатканы белгилүү болгон. Маселен, Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев жана Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов. Бирок кийинчерээк алардан баш тартышты.

Ош шаарынын экс-мэри Мелис Мырзакматовдун жакындарынын айтымында, премьер-министрдин кызматы ага сунушталбаса керек. Алардын пикири боюнча, Мырзакматов азыркы учурда өтө попялардуу саясий фигура.

Ошондой эле, азыр өкмөттүн структурасын өзгөртүү боюнча талкуулар жүрүүдө: бирин-бири кайталаган органдар бириктирилет, ал эми керексиздери жоюлат.

Парламент өкмөттүн жаңы курамын кийинки жумада бекитет, деп күтүлүүдө.

Буга чейин иш алып барып келген өкмөт Садыр Жапаров премьер-министрдин ыйгарым укугун тапшыргандан кийин отставкага чыкты. Вице-премьер-министрлер жана министрлер кабинеттин жаңы курамы бекитилгенге чейин өз милдеттерин аткарышат.

Кечээ, 28-январда Жапаров Кыргызстандын президенттик милдетине киришти. Анын иш кабинети адаттагыдай "Ак үйдө" эмес, Өкмөт үйүндө жайгашкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/447