Байсалов: "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам макулдашыла элек, саясатташтыруунун кереги жок
RU

Байсалов: "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзам макулдашыла элек, саясатташтыруунун кереги жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы тексти министрлер кабинети менен макулдашыла элек. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Twitter баракчасына билдирди.

Анын айтымында, мыйзам долбоору жаңы Конституциянын талаптарына ылайык Улуттук комиссия тарабынан өз алдынча демилгеленип, иштелип чыккан.

"Мыйзам долбоору аягына чейин иштелип чыгат, ал коомдук талкуулоо процессинде каралган түп нускада Жогорку Кеңештин кароосуна киргизилбейт. Эне тилди өнүктүрүү жана бекемдөө министрлер кабинетинин негизги приоритеттеринин бири", - деп баса белгиледи чиновник.

Бирок, бул маселени саясатташтыруунун же расмий тилдин колдонуу чөйрөсүн тарытуунун, этникалык азчылыктардын укуктарын жана кызыкчылыктарын кемсинтүүнүн кереги жок.

Эскерте кетсек, октябрь айында "Мамлекеттик тил жөнүндө" мыйзамдын жаңы долбоору коомдук талкууга жарыяланган. Анда этникалык топтордун өз эне тилин сактоо укугунун кепилдиктери жоюлган. Мындан тышкары мамлекеттик тилде телерадиоберүүлөрдүн көрсөткүчү 50дөн 65-70%га чейин өстү.

Белгилей кетсек, мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча азырынча кеңири талкуу боло элек.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4488