Бишкектин бир бөлүгүндө бир нече күнгө газ өчүрүлөт
RU

Бишкектин бир бөлүгүндө бир нече күнгө газ өчүрүлөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин бир катар райондорунда бир нече күнгө газ өчүрүлөт. Бул тууралуу "Газпром Кыргызстан" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 29-ноябрдан 2-декабрга чейин 1979-жылы пайдаланууга берилген Минск жана Республика көчөлөрүнүн кесилишиндеги жер астындагы орточо басымдагы газ түтүгүн оңдоо иштери жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу Фучик көчөсү, БЧК, Черепки 2, Жибек Жолу пр. участкалары менен чектешкен аймактарга, ошондой эле №7705 аскер бөлүгүнүн отканасына жаратылыш газын берүү токтотулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4491