Үч жигит таксистке кол салып, машинеси менен телефонун тартып алышкан
RU

Үч жигит таксистке кол салып, машинеси менен телефонун тартып алышкан

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Аламүдүн РИИБнө арызы менен Бишкек шаарынын 21-жаштагы тургуну К.И.кайрылган. Анын айтымында, 14-январь күнү, болжол менен саат 01:30 чамасында белгисиз үч бала, ага күч колдонуп уур токмокко алышкан. Хонда Фит маркасындагы унаасын жана телефонун алып, иизин суутуп кетишкен. Бул тууралуу Чүй облусунун ОИИББси кабарлады.

Жабырлануучу берген маалыматка ылайык, Бишкек шаарында жайгашкан бир кинотеатрына такси кызматынан чакыруу түшүп, болжол менен 25-жаштагы бала отуруп Бишкек шаарынын жаңы конуштарынын бирине жеткизүүнү суранган, ал жакка жеткенде унаага дагы эки бейтааныш бала отуруп, кайрадан ошол эле кинотеатрга жеткизүүнү, андан кийин Аламүдүн районуна караштуу Таш-Дөбө айылына жеткизүүнү суранышкан.

Жолдон кетип бара жатканда, айткан жерге жете электе айдоочуну уур токмокко алып, артына отургузуп, колу бутун жип менен байлап кароосуз калган тамдын ичине таштап Хонда Фит автоунаасын жана уюлдук телефонун алып иизин суутуп кетишкен.

14-январда Хонда Фит автоунаасы Аламүдүн районунун бир айылынан талаада табылган.

Аталган факты Аламүдүн РИИБнүн кылмыш жана жоруктардын Бирдиктүү реестрине катталып, Жазык Кодексинин 202-беренесинин негизинде, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Чүй облусунун ОИИББси билдиргендей, 2021-жылдын 19-январь күнү ыкчам-тергөө аракеттердин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 20-жаштагы С.А., 19-жаштагы А.Э., 18-жаштагы С.А. кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/449