Өмүрбек Текебаев: Бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза өттү
RU

Өмүрбек Текебаев: Бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Бишкек шаарындагы №1214 шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал бул ирет шайлоо салыштырмалуу таза, адилет өтүп жатканын билдирди. Буга 2011-жылы өлкөдө реформаланган шайлоо системасы өбөлгө болгонун кошумчалады.

"Эң негизги кемчилик – бүгүнкү бийликке макул болбогондорду мамлекет башчысы баш болуп, УКМК төш болуп, кээ бир учурда фамилия аттарын айтып коркуткандыгы болду. "Шайлоо да болот шайлоонун эртеси да болот, көрөбүз, камайбыз" деп. Мына ошол шайлоо да келди. Мунун өзү потенциалдуу кандидаттарды коркутуп, кызыл жарык күйгөн партияларга барбай, жашыл жарык күйгөн партияларга берүү этабында башталды. Мыйзамды бузуу, адилетсиз шайлоонун элементтерин партиялар тизме түзө баштаганда эле байкалды.

Президент жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө буйрук берип "добуш берүүгө керек болсо колунан жетелеп келгиле" деди. Ал жакшы ниети менен эле айтты, бирок ал мыйзамга каршы келет. Менин сөзүм - эркин шайлоолор", - деди Өмүрбек Текебаев.

"Шайлоо системасы реформаланып, "Акылдуу үкөктөр" коюлду. Албетте, муну чет элдик жана КМШ өлкөлөрүнүн байкоочулары жогору баалап жатат. Бирок, коррупция шайлоо тилкелеринен көчөгө чыкты. Добуш сатып алуулар дагы деле болууда. Мунун жыйынтыгын былтыркы парламенттик шайлоодо көрдүк. Сатып алуулар бир күндө эле дароо токтоп калбайт. Ошондуктан, шайлоо кынтыксыз, сатып алуулары жок болду деп айтуу кыйын. Шайлоо кампанияларында акчанын орду мурункудай эле чоң", - деп депутаттыкка талапкер сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4525