"11 жыл отуруп... Россиядагыдай тандем болот". Текебаев азыркы бийлик тууралуу(видео)
RU

"11 жыл отуруп... Россиядагыдай тандем болот". Текебаев азыркы бийлик тууралуу(видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Бийлик менен макул болбогон талапкерди коркутушту. Алар айткан партияга кирсе батасын беришет, туура эмес тарапка барса батасын албай калат же көйгөйлөр жаралат. Азыркы бийликтегилер жок дегенде 11 жыл отурушат. Мүмкүн Россиядагыдай тандем болот: Бири кетсе, экинчиси келет. 20 жыл да от урушу мүмкүн. Сага көйгөйдүн эмне кереги бар дешкен",- деп комментарий берди "Ата Мекен" партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев бүгүнкү шайлоодо.

Анын айтымында, ар бир репрессиялык режим өзүнүн коопсуздугун ойлойт. Садыр Жапаров экинчи мөөнөткө ат салышаарын билдиргендигине караганда 11 жыл президент болуу ниети бар.

"Муну баары билет, кийинчерээк андан ары да аракет кылат. Репрессия аркылуу бийлигин бекемдеген режим бийликти элге өткөрүп бербейт. Артында мураскер калтырууга аракет кылат, атүгүл күн санап отурган Атамбаев да артынан мурас калтырды", - деп кошумчалады ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4526