"Бизден башка темаңар жокпу?", - деп Шаиста Шатмановага Матраимов телефон чалган
RU

"Бизден башка темаңар жокпу?", - деп Шаиста Шатмановага Матраимов телефон чалган

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Супер ТВ" каналынын журналисти Шаиста Шатманова Матраимовдор тууралуу темалар козголгондугу үчүн ага кысым көрсөтүлүп жатканын Facebook баракчасына жазган.

Анын айтымында, ал президенттин милдетин аткаруучу, спикер Талант Мамытовду интверьюга чакырган. Мамытовдун жардамчыларынын суранычы менен суроолор алдын ала жөнөтүлгөн. Айрымдары Матраимовдорго жана Талант Мамытов алардын авдокатын судья кылып дайынлагандыгы жөнүндө болчу.

Kaktus.media'га берген интвервьюсунда Шатманова дүйшөмбу күнү, кечинде ал суроолоржу жөноткөндөн кийин бир нече сааттын ичинде аны менен Искендер Матраимов байланышкан.

"Билбейм, бул жөн гана дал келишүүбү же эмне, бирок суроолор жөнөтүлгөндөн кийин Матраимов телефон чалып: "Кыргызстанда Матраимовдордон башка тема жокпу?", - деп сурады. Муну коркутуу деп айта албайм, бирок журналистке таасирдүү саясатчы чалып, "Башка темаңар калган жокпу?" деп айтканы кандайдыр бир ойго түрөт экен. Бирок биз беребиз деген суроолордун бардыгын беребиз, деп журналист баса белгиледи.

Анын айтымында, президенттин м.а. аппаратында, интервью тууралуу маселе каралып жаткандыгын бирок, алдыдагы инаугурацияга байланыштуу жакынкы аралыкта ишке ашпай тургандыгын билдиришкен.

Эске салсак, Талант Мамытов Айэркен Саймаиитинин ишин иликтөө боюнча комиссиясын жетектеген. Комиссия Матраимовдорду колдогон.

Жакында Президенттин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү мамлекеттик орган сунуштаган кошумча материалдарды эске алуу менен Талант Мамытов Кеңештин судьялык кызматка тогуз талапкерди дайындоо сунуштамаларына макул болгон.

Бул тизмеге Лейла Бадаева да кирет. Ал Бишкектеги Свердлов райсотунун судьясы болуп дайындалды. Бадаева, ЖКнын депутаты Искендер Матраимов жана анын жубайы Минавар Жумаеванын жана Исмаил Матраимов фондунун Kloop.kg, 24.kg жана башка ММКларга каршы сот иши боюнча Матраимовдордун кызыкчылыгын коргоп келген. Бул иш Свердлов райсотунда каралып жаткан болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/452