Акылбек Жапаров: Жумушсуз жарандарды Россияга эшелон-эшелон менен жеткиришибиз керек
RU

Акылбек Жапаров: Жумушсуз жарандарды Россияга эшелон-эшелон менен жеткиришибиз керек

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Пандемия учурунда Кыргызстанга чет өлкөдө иштеп жүргөн 180 миңден ашык мекендештерибиз кайтып келишти. Учурда 500 миң адам жумушу жок отурат", - деп депутат Акылбек Жапаров бүгүн, 20-январда, Жогорку Кеңештин жыйыны учурунда айтты.

Анын айтымында, Москванын мэри Сергей Собянин жакынкы күндөрү жумушчу орундар абдан көп, адамдар жетишпей жаткандыгын билдирген. Депутаттын пикири боюнча мамлекет Россияда иштегиси келген кыргызстандыктарды Россияга жөнөтүшү керек.

"Биз авикаттамдарды калыбына келтире албай жатабыз. Биздин балдарды керек болсо поезд менен, эшелон-эшелон кылып жөнөтүү керек. 180 миң адамга жумасына эки рейс жасасак жетиштүү. Биздин өкмөт билеттерди субсидия кылып бериши керек. Поезддин акчасын рубль менен төлөп берели. Бир-эки жылда кайра өздөрү төлөгөндөй болушсун", - деди Акылбек Жапаров.

Андан тышкары Жапаров кайтып келген мигранттарды өкмөт кандайча жумуш менен камсыздаганы жатат, деп кызыгып сурады. "Бизде бирдиктүу реестр бар, ага ылайык уурдоолор, кылмыш өсүп кетти. Жумуш жок болсо, ачка жүрушөт да, анан албеттер уурдоолор көбөйөт", - деди ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/453