Американын президенти Байден кыргызстандыктар үчүн коюлган визалык чектөөнү алып салды
RU

Американын президенти Байден кыргызстандыктар үчүн коюлган визалык чектөөнү алып салды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Америка Кошмо Штаттарынын элчилиги президент Байден кыргыз иммигранттарынын өлкөгө кирүүсүн токтоткон иммиграциялык жана грин-карт-визаларга (Diversity Visa) чектөөлөрдү алып салуу боюнча буйрукка 20-январда кол койгонун кубануу менен билдирет.

Биз Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн акыркы 12 ай ичинде саякаттарга байланыштуу коопсуздукту бир кыйла жакшыртканын колдойбуз. Биометрикалык идентификация чиптерин камтыган кыргызстандык электрондук паспорттор иштелип чыгып, даярдыктын акыркы баскычында турат. Бул паспорттор кыргызстандыктар үчүн коопсуз жана ыңгайлуу саякаттоонун кепилдиги болмокчу, деп билдирүүдө жазылган.

Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү INTERPOL менен кызматташуусун өркүндөтүп, кылмыштуулук жана терроризм тууралуу маалымат менен бөлүшүүнү өрчүттү. Жаңы кыргыз электрондук паспорттору жана укук коргоо органдарынын тыгыз

кызматташтыгы, Кыргыз Республикасында да жана ошондой эле дүйнө жүзүндө да,

бардыгыбыздын жашообузду көбүрөөк коопсуз кылмакчы.

COVID-19 пандемиясынын шартында, дүйнө жүзүндөгү Америка Кошмо Штаттарынын элчиликтеринде виза берүү өтө чектелген. Бул кулактандырууга байланыштуу виза маселелери боюнча акыркы жаңылыктарды алуу үчүн usembassy.gov веб-сайтка кайрылыңыздар.

Президент Байдендин расмий жарыясына шилтеме бул жерде.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/454