Шайлдабекова автоматтык эсептөөдөгү мүчүлүштүк үчүн кечирим сурады
RU

Шайлдабекова автоматтык эсептөөдөгү мүчүлүштүк үчүн кечирим сурады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Боршайкомдун төрайымы Нуржан Шайлдабекова БШКнын расмий сайтына чыккан техникалык ката үчүн кечирип сурап, бирок автоматтык эсептөө системасы так иштегенин билдирди. Ал БШКга нааразылык билдирип келгендердин алдында сүйлөп жатып, бул боюнча анык маалыматтар берилерин айтты.

"Эң биринчи расмий сайтка чыккан таблицанын катасы үчүн кечирим сурайм. Бирок автоматтык эсептөө системасы так иштейт, мен буга кепилдик берем. Азыркы учурда биздин система так иштеп жатат. Ошол эле кезде бул маалыматтар юридикалык күчкө ээ эмес, алдын ала маалыматтар деген мыйзамда норма бар. Бардык шайлоонун натыйжалары кол менен саноонун жыйынтыгы аркылуу чыгарылат. Биз саясий партиялардын өкүлдөрүн БШКга чакырабыз. Кечээ болгон себептер жөнүндө так, анык маалымат берүүгө даярбыз".

Нуржан Шайлдабекова учурда шайлоо тилкелеринен кол менен санактын протоколдору келип жатканын айтып, мыйзам бузуу фактылары болсо арыз менен кайрылууга чакырды.

Борбордук шайлоо комиссиясынын алдында 28-ноябрдагы парламенттик шайлооонун жыйынтыгына нааразы партиялардын өкүлдөрү акцияга чыкты.

29-ноябрга караган түнү Бишкекте "Ата Мекен", Социал-Демократтар, "Азаттык" жана "Улуттар Биримдиги" партияларынын өкүлдөрү чукул маалымат жыйын өткөрүп, күндүз БШКнын алдында нааразычылык акциясына чыгарын билдирген.

Чогулгандар парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарып, эмне себептен БШКнын сервери 40 мүнөт иштебей турганы боюнча атайын иликтөө жүргүзүүнү талап кылышууда.

БШК парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгаруудагы окуяны "механикалык мүчүлүштүк" деп бүгүн саат 16:00гө жакын саясий партиялардын өкүлдөрүнө жана журналисттерге маалымат бере турганын билдирген. БШКнын маалымат жыйыны эки жолу жылды.

Кечээ, 28-ноябрда добуш берүү соңуна чыккандан кийин Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) добуштарды санаган автоматташтырылган системасы иштебей калган.

28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун баштапкы жыйынтыгына ылайык, алты партия 5% пайыздык чектен өтүп, шайлоодо утканы айтылууда.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө укуктуу 3 миллиондон ашуун жарандын ичинен шайлоого келгендер 30% тегерегинде болду.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4557