Мамлекеттик каттоо кызматы: Өзгөчө номерлерди сатуудан бюджетке 70 млн сом түштү
RU

Мамлекеттик каттоо кызматы: Өзгөчө номерлерди сатуудан бюджетке 70 млн сом түштү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу "Инфоком" МИси 2020-жылдын ичинде республикалык бюджетке сандардын өзгөчө айкалышындагы аукциондук жана аукционсуз мамномерлерге карата сертификаттарды сатуудан 70 млн. сомго жакын сумманы которгон. Мындай маалыматты Мамлекеттик катоо кызматы таркатты.

Белгилүу болгондой, өлкөнүн бюджетине өзгөчө айкалыштагы мамлекеттик номер белгилерин сатуудан 91% жана аталыштагы мамномерлер үчүн 100% сумма которулат.

2019-жылга салыштырмалуу автоунаага карата даярдалган номер белгилеринин саны 99 миң пластинага төмөндөгөн. Көрсөтүлгөн мезгил ичинде 485 миң автоунаа номерлери даярдалган.

Бардыгы болуп 2020-жылы автоунаага карата 360 миңден ашуун мамномер даярдалган, алардын ичинен 11 879 аукционсуз жана аукциондук мамномерлер, 348 201 номер МККга караштуу "Унаа" ММи үчүн өлкөнүн аймактарына андан ары тарткатуу үчүн даярдалып берилген.

Маалымат үчүн: 2016-жылдын 1-июнунан тартып "Инфоком" МИсинин Транспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин даярдоо борбору автомототранспорт каражаттары үчүн мамлекеттик каттоо номер белгилерин өндүрүүгө киришкен. Мурда мамномерлерди даярдоо менен менчик компания алектенип келген,

кирешенин негизги бөлүгү анын өз эсебине түшүп турган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/455