Баатырлардай таш жарган айкелчи Тамила: Сулуулук жаралганда кыйынчылык унутулат(видеомаек)
RU

Баатырлардай таш жарган айкелчи Тамила: Сулуулук жаралганда кыйынчылык унутулат(видеомаек)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Тамила Маматова Кыргызстанда алгачкы аял айкелчилерден болуп саналат. Ал бир нече өлкөдөгү көргөзмөлөргө, симпозиумдарга катышып келген. Адамдын боюнан бийик айкелдерди да жасайт.

Ал дипломдук иши үчүн Чынгыз Айтматовдун айкелин жасап, көпчүлүктүн мактоосуна татыган. Андан башка да көптөгөн жумуштары жогору бааланган.

Тамила бул тармакта кара күч аябай маанилүү экенин, өзү ага көнүп калганын айтат.

"Кээде баатырлардай эле таш жарууга туура келет. 50-100 кг салмактагы таштарды же шаймандарды өзүм көтөрүп, жылдырууга туура келет. Бирок, мен буга көнүп калгам",- дейт.

Анын айтымында Тамиладан сабак алууну каалаган жаш кыздар көп.

"Менден кийин бул тармакта аялдар да бар экени билинди окшойт. Жаш кыздар да кызыгып, үйрөнүүнү каалагандардын саны арбыды",- дейт айкелчи.

Эмгектерин көбүнчө жандуу кылып берүүгө аракеттенет. Жакында эле Таттыбүбү Турсунбаеванын бюстун жасап, элдин талкуусуна алынган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4573