Кайра шайлоого Эльвира Сурабалдиева да катышат
RU

Кайра шайлоого Эльвира Сурабалдиева да катышат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Экс-вице-премьер-министр, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эльвира Сурабалдиева бир мандатуу округ боюнча талапкерлигин кое тургандыгын билдирди. Бул тууралуу ал өзүнүн Twitter аккаунтуна жазган.

"Таарыныч болбосун, бирок мырза бир мандаттуу талапкерлерге бир аз жылышууга туура келет", - деп Сурабалдиева жазган.

Андан тышкары, Биринчи май округу боюнча чыгып жатканын кошумчалады. Бул округдан өз кезегинде анын атасы Жыргалбек Сурабалдиев шайланган экен.

28-ноябрдагы Жогорку Кеңешке шайлоодо борбор калаанын Биринчи май жана Свердлов райондорунан талапкер болгондор колдоого ээ болгон эмес. Шайлоого келгендердин көбү "баарына каршы" деген добуш беришкен. Мындан улам эки округдагы шайлоо жыйынтыгы жокко чыгарылган.

Элвира Сурабалдиева парламенттин алтынчы чакырылышына депутат, 2020-жылы бийлик алмашканда кыска мөөнөткө вице-премьер-министр болуп иштеген.

Парламенттеги 90 орунга партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланышы керек. Жекшемби күнкү шайлоодогу добуштарды саноо уланып жаткандыктан, расмий жыйынтык азырынча жарыялана элек.

Баштапкы маалыматтар боюнча, саясий жарышка катышкан 21 партиядан алтоо, бир мандаттуу округдардан 34 талапкер мандат алганы турат. Болжолдуу жеңишке жеткендердин арасында партиялардан 20дай аял келиши мүмкүн, бир мандаттуу округдардан айымдар жок.

Добуш берүү аягына чыккан учурда автоматтык эсептөө системасы бир өчүп-күйүп, жыйынтыкта башаламандык жаралган. Бир катар партиялар жана жарандык коомдун айрым өкүлдөрү муну "көз боёмочулук" деп, шайлоону жокко чыгарууну талап кылууда.

Президент Садыр Жапаров жана Борбордук шайлоо комиссиясы система адистин катасынан улам бузулганын, ал шайлоо жыйынтыгына таасир этпегенин билдирип жатышат. Бузулуунун чоо-жайын териштирип жатканы айтылган УКМК азырынча маалымат бере элек.

Маалымат azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4584