Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду
RU

Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына партиянын штабынан билдиришти.

Штабдын кызматкери берген маалыматка ылайык, Текебаев "Парк отелдин" лобби-барында отурган учурда кол салуу болгон. Анын натыйжасында колундагы телефонун жулуп, көз айнегин сындырып салышкан. Саясатчы канчалык деңгээлде жабыркаганы азырынча белгисиз.

"Ал жалгыз болчу. Биз телефон аркылуу сүйлөшүп жатканбыз. Отелдин алдына үч бус келип, ичинен маскачандар чыгып, Текебаевдин телефонун жулуп алышкан. Андан кийин байланыш үзүлдү", - деп партиядан билдиришти.

Текебаев дагы деле отелде. Жардамчылары окуя болгон жерге жөнөп кетишти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4599