Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Садыр Жапаров деп расмий түрдө жарыяланды
RU

Президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Садыр Жапаров деп расмий түрдө жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Борбордук шайлоо комиссиясы Садыр Жапаровду мөөнөтүнөн эрте өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп аныктады. Чечим кечээ, 20-январда жыйын учурунда кабыл алынды.

Белгилүү болгондой 2021-жылдын 10-январында өткөн шайлоонун жыйынтыгы боюнча протокол бекитилген. Президенттик шайлоо болду деп таанылды.

Садыр Жапаров 1 млн 105 миң 248 добуш алган, башкача айтканда шайлагандардын 79,2% ага өз добушун беришкен, ошону менен ал Кыргызстандын жаңыдан шайланган президенти болуп саналып калды.

Ошол эле токтомдун негизинде ал Кыргызстандын президенти катары каттоого алынды. Кызматына киришкенде, ага өзгөчөлүк белиглери берилет.

Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен бул токтомго БШКнын 10 мүчөсү добуш беришкен, экөө каршы болду. БШК Гульнара Джурабаева жана Адилет Сатыгуловдун өзгөчө пикирлерин эске алды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/459