Россиялык блогер Дава Манукян аны тааныган кыргыз кызга Дубайга жолдомо берди
RU

Россиялык блогер Дава Манукян аны тааныган кыргыз кызга Дубайга жолдомо берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык блогер Дава Манукян аны тааныган кыргыз кызга Дубайга эс алууга жолдомо берди. Бул тууралуу видеону блогер өзүнүн Тик-Ток каналына жүктөгөн. ⠀

Видеодо көрүнүп тургандай, блогер өтүп бараткан кыздан "Чоң кыз, мен Дубайга учуп бараттым эле, бул жерден эмне сатып алсам болот" деп сурайт. Ал кыз бери карап "билбейм" деп жооп берет.

Анан таанымал блогер экенин көрүп, сүйүнүп кучактайт. Кыргыз кыз бариста болуп иштейт экен. Дава ага бир-эки күндө дубайга кетүүнү сунуштайт. Ал албетте макул болот.

Учурда бул видео социалдык тармактарга кеңири тарап, талкуу жаратууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4607