Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде өтөт
RU

Кыргызстандагы жергиликтүү кеңештердин шайлоосу 11-апрелде өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жергиликтүү кеңештерге шайлоо 11-апрелде өтөт. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова маалымдады.

Эске салсак, 2020-жылы апрель айында өлкөнүн беш шаарында: Ош, Майлуу-Суу, Токмок, Каракол, Балыкчыда, жана 25 айыл аймагында жергиликтүү шайлоону өткөрүү пландалган. Бирок коронавирустун пандемиясынын айынан белгисиз мөөнөткө жылдырылган болчу.

Андан тышкары, быйылкы жылы Бишкек шаардык кенештин депутаттарын да кайрадан шайлоо пландалууда.

БШКнын билдирүүсүнө ылайык, шайлоо кайрадан жарыяланат. Шайлоону жергиликтүү аймактык шайлоо комиссиялары өткөрөт, ал эми өткөрүлө турган күнун БШК белгилейт.

Бул мезгилге чейин Конституцияга өзгөртүүлөрду киргизүү боюнча референдум өтөт, деп күтүлүүдө.

Негизги мыйзамга киргизилген өзгөрүүлөр шайлоонун системасына да таасирин тийгизет, жана депутаттар аралаш форма менен шайланышы мүмкүн, башкача айтканда, партиялык тизме жана бир мандаттуу аймак менен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/462