Кыргызстандагы эң көп пенсия канча деп ойлойсуз? Жообу
RU

Кыргызстандагы эң көп пенсия канча деп ойлойсуз? Жообу

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Эң аз пенсияны эмгек стажы жок кыргызстандыктар алат. Каражаттын суммасы 1,5 миң сом экени айтылды.

Кыргызстандагы эң көп пенсия 179 миң сом экендигин Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда өткөн брифингде Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирген.

"Өзүңөр билгендей, пенсия өлкөнү өнүктүрүү жана мекенге сиңирген эмгеги үчүн берилет. Аттарын атай албайм, бирок эң көп пенсия 179 миң сом. Мындай акчаны бир эле киши алат. Эң аз пенсияны эмгек стажысы жок адамдар алышат, ал 1500 сом", - деди ал.

Алиев кайсы тармактагылар ай сайын 179 миң сом пенсия аларын ачыктай албастыгын билдирди. Анын айтымында, пенсиянын көлөмү иштеген киши канча сом которгонуна байланыштуу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4631