Арзан! Жыл аягына чейин Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтөт
RU

Арзан! Жыл аягына чейин Бишкектин борборунда айыл чарба жарманкеси өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин борборунда жыл аягына чейин жума сайын дем алыш күндөрү айыл чарба жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жарманке ишемби жана жекшемби күндөрү саат 09:00дөн 16:00гө чейин Раззаков, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда болот.

Уюштуруучулар айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай продукцияларын (жумуртка, эт, сүт, жашылча ж.б.) өндүрүүчү баада, ортомчуларсыз сатып алууну сунуштайт.

Жарманкеге айылдык товар өндүрүүчүлөр жана тамак-аш өнөр жай ишканалары да катышууга чакырылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4642