Зордуктоого шектүүнүн айынан ачууланган эл полициянын имаратына кирип кете жаздады
RU

Зордуктоого шектүүнүн айынан ачууланган эл полициянын имаратына кирип кете жаздады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Сокулук районунда 16 жаштагы кызды зордуктоого аракет кылган киши кызды катуу сабап салган. Бул тууралуу Kaktus.media редакциясына күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери билдиришти.

Алардын айтымында, кечээ, 5-декабрда таң эрте Сокулук районунун Токбай айылынын тургуну мас абалында 16 жаштагы жергиликтүү кызды зордуктоого аракет кылган.

"Шектүү кылмышын аягына чыгара алган эмес. Бирок, кызды сабап салган. Андан соң шектүүнү милиция кызматкерлери кармап кетишти", - деп билдиришти өздүк булактар.

Жергиликтүү тургундар шектүүнү өзүм билемдик менен жазалоо ниетинде Сокулук ОВДнын имаратына кирип кете жаздаганда, күч түзүмдөрү токтотууга араң жетишкен.

Айрым маалыматтарга караганда, шектүү буга чейин да зордуктоо фактысы боюнча кармалып, бирок жоопкерчиликтен качып кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4645